Ирандын айрым аймактарында жана Тегеранда билим берүү мекемелери кечээ, 30-ноябрда жабылды. Буга абанын кескин түрдө булганганы себеп болгонун чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анда белгиленгендей, бул күнү бала бакчалар да жабылып, спорттук иш-чаралар башка күнгө жылдырылган. Ишемби күнү Иранда жумушчу аптанын биринчи күнү болуп саналат. Абанын булганышынан улам шаар бийлиги балдарды, кары-картаңдарды жана дем алуу органдарында көйгөй жаралган адамдарды сыртка чыкпоого чакырган.
"Тегеранда коюу түтүн ноябрь айынын орто ченинен бери эле каптап турат. Эртең менен түтүндөн күн дээрлик көрүнбөйт. Бул шаар дүйнөдө абасы эң булганган өлкөлөрдүн катарына кирет. Жылына Иранда булганган абанын кесепетинен 30 миңдей адам көз жумат", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарында да абанын булганышы курч маселени жаратып турган чак. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектин абасы эң булганган шаарлардын катарына киргенин айткан. Ал эми мэрия жашоочуларды медициналык маска кийип жүрүүгө чакырган. Айдоочулар эртең менен жана түнү түтүндөн алыс аралыкты көрүү мүмкүн болбой жатканын айтышат.