Орусияда кафеге ак боз ат минип келген жигит тейлөөчү кызды көздөй ок атты

Орусиянын "Корреспондент" басылмасы кафедеги жаңжалдан кийин ачууланып кеткен кардар кайра кайтып келип, ал жактагы кызматкерлерге ок атканын жазууда. Маалыматка ылайык, Орусияда кафеде эс алып жаткан жигит ал жактагы тейлөөчү кызга тийише баштаган. Тейлөөчү кыздын күйөөсү да ошол эле кафеде иштегендиктен, муну байкап калып кардар экөөнүн ортосунда чыр чыккан.

"Ачууланган кардар кайра кайтып келерин айтып кафеден чыгып кеткен. Бир саат өтпөй кардар жасанып-түзөнүп, ак боз ат минип келген. Атын кафенин сыртына байлап коюп, өзү имараттын ичине кирип травматикалык тапанча менен кызматкерлерди, анын арасынан тейлөөчү кызды мээлеп аткан. Кызды ошол жердеги балдардын бири коргоп калган. Ошол учурда кафедеги дагы бир кызматкер тапанча менен кардарды көздөй атып, ал окуя болгон жерден качып кеткен", - деп жазылат маалыматта.

Жигит кафеге ак боз ат минип келип тейлөөчү кызга ок чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
katerina.li
2019-12-01 18:44:01
Озуно келгенде жан татуу,жанталашып качат
+3
murat17
2019-12-01 19:32:50
кавказдар окшойт
+4
Wibee
2019-12-01 20:02:00
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт офисиант кызда да барда бирбалаа
-17
katerina.li
2019-12-01 20:03:05
Wibee,мээси жок эркектердин созу ушул.
+11
eljana
2019-12-02 14:55:15
Wibee,алсыз,озуно эрки жетпеген, озуно ишенбеген , озунун куноосун билбей башка адамдан куноону издеген эркектердин созу бул
+3
JaneEr
2019-12-01 20:31:49
Кызды коргоп калганы жакты мага.Биздикилер да ушундай болсо кана...
+9
MAN-CITY
2019-12-01 21:31:16
JaneEr,мага жакын журсон дайым коргоодо болосун
+10
AksyKum
2019-12-02 15:06:17
JaneEr,Биздеда бар,мен студен кезимде лолулор кармап пал ачып берем деп коёбербей турганда бир жигит тарт колунду деп урушканда койоберген.ошондо ошол жигитке кыргыздын жигитине ушунчалык ыраазы болгом.ананда Ош окуясында жигиттер кыздарды коргогонун коруп аябай суйунгонбуз
+5
katerina.li
2019-12-02 15:41:09
AksyKum,бал ачып беребиз дегенднер кобунчо ХХХХ болот ко,лолулор эмес
-1
AksyKum
2019-12-02 15:48:29
katerina.li,лолулор эле.башында бир суйунучун бар айтып берейинби деп кочодо турган лолу катындар Ошто ото коп
0
Farkhat07.05.89
2019-12-02 00:37:16
Кафедеги официант кызга тийише баштаган дейт.Видеодо болсо балдар менен чогу отурган кызга карата ок чыгардыго.Же официанттар менен кардарлар чогу бир столдо отура беришеби?Тушунбой калдым
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан