"The Pussycat Dolls" тобу «X-Фактор» шоусунун финалында сахнага чыгып, күйөрмандары үчүн күтүлбөгөн сюрприз жасады. Видеону топтун солисти Николь Шерзингер социалдык баракчасына жүктөп, 10 жылдык тыныгуудан кийин сахнага кайтышканын жазып чыккан.
30-ноябрь күнү "X Factor: Celebrity" долбоорунун финалы орун алган. Анда калыстык кылган Николь Шерзингер "The Pussycat Dolls" тобунун кыздары менен күйөрмандары үчүн сюрприз кылган. Топтун кыздары 2000-жылдардагы хиттерин поппури аткарышкан. Ошондой эле топ кайра жанданганын жана күйөрмандары үчүн жаңы ырларын даярдап жатышканын билдиришкен. Белгилүү болгондой, топ апрелде Улуу Британия жергесине турнеге чыгышмакчы.
Эске салсак, "The Pussycat Dolls" 2000-жылдардагы эң популярдуу кыздардан турган топ болгон. 2009-жылы топтун катышуучулары Николдун көлөкөсүндө калууну каалашпаганы тууралуу кеп чыгып, четинен топтон кетип башташкан. Шерзингер топтун курамын жаңылаганга аракет кылганы менен ишке ашпай, кийинчерээк ал да бул идеясын жыйнаштырган.