Энелик сезимдин күчү. Комада жаткан аял кызына реакция кылып, эмизген

Октябрь айында 42 жаштагы Мария Лаура Феррейра мотоциклден түшөрдө уурулар кол салып, башынан катуу жаракат алып, комага түшкөн. Качан гана эмчектеги кызын апасына алып келишкенде, эне кызынын кыңылдаганына реакция кылып, эмизген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бир ай дарыланган соң Мариянын оңолушуна көзү жетпей калганда, дарыгерлер жолдошу Мартин Дельгадону чакырып, жабырлануучунун органдарын муктаж адамдарга берүүсүн сунушташкан. Жолдошу жаман кабарга моюн сунбай, жубайы сөзсүз ойгоноруна ишенерин айткан.
23-ноябрь күнү Дельгадо эмчектеги 2 жашар кызын алып, ооруканага келген. Кызы курсагы ачканын билдирип, кыңылдап баштаганда күтүүсүздөн Мария халатын ачып, кызын эмизген. Бул көрүнүшкө күбө болгон дарыгерлер да таң калышкан. Жолдошунун айтымында, жубайы кызын мурда кандай сылап эркелетсе, дал ошондой аракеттерди кылган. Тилекке каршы, андан кийин Мария кайра эски абалына кайтып, жакындарына жооп кылбай калган. "Бардык жакшылыктар балага байланыштуу болоруна көзүм жетти. Биз адилеттүүлүк орноп, жубайым жакшы болоруна ишенебиз. Анткени үч бала апасын сагынып, күтүп жатышат", - деген Мартин.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ibro80
2019-12-02 11:17:18
Ушу уурулардын эки колун кесеп салчу закон кылыш кк болуп калды.Алчусун жөн эле албай адам өлтүрүүгө барышууда. Уурулук кылам деп өлтүрүп жатышат.
+13
murat17
2019-12-02 11:44:19
айыгып кетсин
+10
Shef87
2019-12-02 11:45:29
Шүмшүк врачтар өз бизнесин баштайын деген экен го
+12
AykaMer
2019-12-02 19:01:22
Shef87,Эмне үчүн шүмшүк?! Ал органдар муктаж адамдарга берилет да... Базарларда,мечиттерде кутучалар турат го бөйрөк,жүрөк алмаштырыш үчүн каражат деп. Ошондой адамдар үчүн берилет да.Донор таппай кыйналгандар бар да.Бирок көп акчага деп сатканы туура эмес болгону ошол эле...Айыгып кетсин эми...үмүт үзбөш керек...
+2
nazi25
2019-12-02 23:03:28
Эне мээрими....
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан