Белгилүү америкалык актёр, продюсер Леонардо Ди Каприого Амазония токоюндага өрткө тиешеси бар деген айып коюлууда. Мындай билдирүүсүн Бразилиянын президенти Жаир Болсонару айтып чыккан.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Бразилиянын президенти актёр коммерциялык эмес уюмга 500 миң доллар берип, алар токойго өрт койгон деп айткан. Бирок Жаир Болсонару бул маалыматтарды кайдан алганын тастыктаган эмес.
Ал эми актёр Жаир Болсонарунун сөздөрүн четке кагып, өрт өчүрүүгө катышкан уюмдарга каржылык колдоо көрсөтпөгөнүн айтат.
"Амазонияда өрт чыккан учурда жаратылышты сактап калуу үчүн күйүп, бышкан Бразилиянын тургундарын колдогом. Мен жаратылышты, токойду коргогондор менен сыймыктанам. Бирок колдоого татыктуу уюмдарды каржылаган эмесмин", - деген ал.