Москвада 31-декабрда 470тен ашык түгөйлөр никеге катталат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Москвадагы Никеге каттоо башкармалыгынын жетекчиси Елена Ефримова 31-декабрда никеге каттоо кадимки күндөгүдөй эле тартипте өтөрүн айткан. "Жаңы жылдын алды үлпөт тойлор үчүн популярдуу мезгил. 27-декабрга жана 28-декабрга карата 1000ге жакын арыздар келип түштү. Алардын 130нун никеге каттоо жаңы аянтта өтөт. Ал эми 470 түгөй 31-декабрга пландалууда", - деген ал.
Жалпысынан Жаңы жылдык майрамга карата 550 түгөйлөр баш кошууну пландап жатышат деп жазылган маалыматта.