Орусиянын президенти Владимир Путин "Манас" аэропортуна оор шартта келип конгон. Президенттик учактын учкучтары Бишкекте аба ырайынын катаал шартында учак аэропортко конгондугу тууралуу айтып беришкен.
Владимир Путин 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келген. Ал келген учурда аба ырайы бузулуп, коюу туман каптап калгандыктан, бир канча көйгөйлөр жаралган. Учкучтардын айтымында, учак Санкт-Петербургдан чыккандан кийин бир канча убакыт өткөн соң, аба ырайы бузула баштаган.
"Биз маршурттук бөлүктү ноутбук аркылуу көзөмөлгө алдык. Себеби жолдун рулдук бөлүгү дагы көрүнбөй кыйын болуп жатты", - деген экипаждын мүчөлөрүнүн бири. Учактын жерге конушу тыкыр ойлонулуп, эч кандай тобокелдик болбогонун жана эч ким жабыр тартпагандыгын кошумчалаган.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.