Кытай бийлиги мобилдик операторлорго сим-карта алгандардын жүзүн сканерлөөгө милдеттендирди. Мындай талап 1-декабрдан тарта күчүнө киргени белгилүү болду.
Кытай бийлиги бир топ жылдан бери интернетти анонимдүү колдонууга каршы күрөшүп келет. Буга байланыштуу жаңы сим-карта алгандардын жүзүн сканерлөө - киберчөйрөдө жарандардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн жасалып жатканы айтылат маалыматта.
Талап күчүнө киргенге чейин Кытай жарандары сим-карта алуу үчүн сүрөтүн жана паспортун же аты-жөнүн тастыктаган документти милдетүү түрдө көрсөтүшчү.