Айдоочу жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзүп, бир бала каза болду

Лондондун четиндеги Дебден айылында автоунаа мектептин айланасында бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзүп, 12 жаштагы бала каза болгон. Бул тууралуу BBC басылмасы жазып чыкты.

Жабырлануучулардын биринин айтымында, айдоочу атайын ылдамдыкты жогорулатып, тротуар тарапка айдаган. Полиция өкүлү айдоочу бир нече жүргүнчүнү сүзүп кеткенине карабай, унаасын токтотпостон айдап кеткенин билдирген. Мындан улам 12 жаштагы бала каза болуп, 5 жүргүнчү (арасында төртөө окуучулар) оор жаракат алышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектелип 51 жаштагы Терри Гловер аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү жүргүнчүлөрдү сүзгөндөн тышкары, жакын аралыкта башка окуяга да тиешеси болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан