28-ноябрь күнү Екатеринбургдун Чкалов районунан 9 жаштагы баланын шейшепке оролуп, көмүлгөн сөөгүн табышкан. Экспертизанын жыйынтыгында, бала абанын жетишсиздигинен каза болгону маалым болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баланын жоголгондугун алгач таежеси байкаган. Эжесинен уулу кайда экенин сураганда "октябрда кошунам экөөбүз өлтүрүп койгонбуз" деп айткан. Айрым басылмалар баланын энеси психиатриялык ооруканага жатып чыкканын жазышууда. Ошол окуядан улам таежеси баланын жоголгонун айтып, аймактык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, баланын сөөгү ноябрда токой тараптан табылган. Маалыматка ылайык, бала сектанын курмандыгы болгон. Сектада балдар шоктук кылганда, жин-шайтандарын айдап туруш керек деген түшүнүк жашап, баланын оозуна чүпөрөк салып, камчы менен урушкан. Качан гана бала дем албай калганда, атасы секта башчысы Земфира Гайнуллинадан жан киргизип берүүнү суранган. Бала эсине келбей калгандыктан, алысыраак токойго алып барып көмүп салган.
Ата-энесинин батирин тинтүү учурунда Библия жана камчы табылганы маалым болгон.
2-декабрь күнү өлтүрүүгө шектелип секта башчысы Земфира Гайнуллина жана баланын атасы Иван Казанцев кармалган.