Беларусь өлкөсүндө Димаш Кудайбергенди күйөрмандары күтүп жатышат

2020-жылдын жаз айында Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында популярдуу казакстандык аткаруучу Димаш Кудайбергендин концерти болот. Ырчынын күйөрмандары жазында болгон концертке азыртан кызуу камылга көрүп, күтүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

"Димаш Кудайбергендин көпчүлүк күйөрмандарын кыздар түзүп, алар ырчынын жеке жашоосуна, үй-бүлөсүнө жана анын мекенине кызыгуу артып жатышат. Алардын ичинде Кудайбергендин мекенин көрүү үчүн чын эле олуттуу киришкендер дагы бар", - деп айтылат маалыматта.

Концерт 2020-жылдын 4-апрелинде Минск шаарынын "Минск арена" чоң сахнасында өтөт.

Казакстандык ырчы Беларусь өлкөсүндө 2015-жылы өткөн "Славян базары" фестивалында баш байгени багындырган. Ошондон тартып ал Беларусь өлкөсүндө абдан популярдуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан