Австралия рулда баратып смартфон колдонуунун эффективдүү жолун тапты

Унаа айдап баратканда рулда смартфон колдонуу кооптуу кылык-жорук жана ошол эле учурда трагедиялуу окуяларга себепкер болушу мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Австралия өлкөсүнүн бийлиги жаңы көзөмөлдөө системин ишке киргизди. Систем нейрон тармактары аркылуу жосунсуз жоруктарды кылган айдоочуларга көз салат. Аны интеграциялоо иши бир канча көзөмөл камераларынын орнотулуусу аркылуу Жаңы түштүк уэльс аймагында башталды.

Систем ишке кирген алгачкы үч айында эреже бузгандар эскертүү гана алышат. Мындан улам андан ары эреже бузгандарга айыптар жана жазалар каралат.

Эскерте кетсек, Австралия өлкөсүндө унаа айдап баратып телефон колдонгон айдоочунун 5 упайын алып салуу жана 233 доллар өлчөмүндөгү айып пул төлөө каралган. Бирок эгер эреже бузуу мектеп аймагында катталса, айып пулдун көлөмү 10 баллга көбөйүп, айып акча 309 долларды түзөт.

Бул тууралуу атайын тест учурунда 100 миңдеген эреже бузуулар катталганы аныкталган.

Ал эми бийлик өкүлдөрү жаңы систем жол кырсыктарынын санын азайтууга бөгөт болот дешет. Айтымдарында, каргашалуу кырсыктардын көбү унаада телефон менен сүйлөшүүнүн кесепетинен келип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2019-12-03 12:20:45
Эң туура.
+1
Wibee
2019-12-03 13:44:05
Ушуга окшогонду карасан жаш баланын эле иши да
0
Azatbek.Svoboda.
2019-12-03 17:46:09
Бизде да камера орноткондо 3 ай эскертуу бериш керек эле.
0
munduz2016
2019-12-04 00:19:20
Azatbek.Svoboda үч ай өтө узак мөөнөт да, бизде сразу акча алыш керек )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан