Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда орун алган жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Каза болгондордун баары Казак жарандары болгондугун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Казакстандын ИИМинин административдик полиция комитетинин орун басары Жанат Абдрахманов төмөнкүлөргө токтолду.
"Бул кырсык бүгүн, 3-декабрда Кызыл-Ордо – Кумколь автожолунда катталган. Азыркы учурдагы маалыматтарга ылайык, 8 адам курман болуп, 21 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Автобустун айдоочусу жол тайгак болгондуктан унааны башкара албай калган болушу мүмкүн", - деген ал.
Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр жергиликтүү нефти компаниясынын жумушчулары болгон. Алар жумушка бара жатканда кырсыкка учураган.
Эске салсак, ушуга окшогон кырсык 1-декабрда Орусиянын Забайкалье аймагында дагы катталган. Анда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус Чита–Сретенск каттамында бара жатып Куэнгу дарыясындагы көпүрөдөн кулап кеткен. Андан 19 адам каза болуп, 22 жүргүнчү жаракат алышкан. Бардыгы болуп автобуста 43 жүргүнчү жана айдоочу болгон.
Европалык кеңеш кызматынын статистикалык маалыматына караганда, Казакстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн ТОП 5ке кирет. Кырсыктар көп учурда жол эрежелерин сактабагандыктан жана жол катмарынын канааттандырарлык эмес абалы себеп болот.