Кытайдын борбору Пекин шаардык бийлиги "Күнүмдүк таштандыларды сорттоо жөнүндөгү" эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, токтом келе жаткан жылдын май айынан баштап күчүнө кирет. Анда таштандылар: тамак-аш калдыктары, кайра иштетүүгө жарамдуу, кооптуу заттар жана башкалар деп төрткө бөлүнүп сорттолушу керек. Бул эрежелерди сактабай таштанды ыргыткандарга 200 юань (30 доллар) айып салынат. Ал эми ушул эле эрежени ишкана же уюмдар бузса 1420 доллар айып төгүүгө туура келет.
"Эрежеде дүкөндөр керектөөчүлөрдүн азыктарын же башка товарларын желим баштыктарга салбашы керек деген да бөлүк бар. Бул тартип бузулса 1420 доллар айып салынат, экинчи ирет эрежени бузгандар 7200 доллар айып төлөйт", - деп жазылат маалыматты. Ушундай эле тартип тамак жеткирип иштеген ишканаларга, мейманканаларга, коомдук тамактануучу жайларга да тиешелүү экендиги белгиленген.
Мындай иш-аракеттер таштанды төгүлгөн жайдын кескин толуп баратканына жана аны утилизациялоого жай тар болуп жатканы менен байланыштуу. Алдыдагы жылда Кытай Эл Республикасы бул эрежени 46 шаарга киргизүүнү пландоодо.