Бүгүн, 3-декабрь күнү түштүк кореялык актёр Ча Ин Ханын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Учурда полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Андыктан өлүмдүн себеби жана башка жагдайлар азырынча так айтылбай жатат. "Fantagio Entertainment" агенттигинин өкүлдөрү да окуя тууралуу билдирүү таратты. "3-декабрда Ча Ин Ха бул дүйнө менен кош айтышты. Биз анын күйөрмандарына ушундай суук кабарды угузуп жатканыбызга ичибиз ачышып жатат. Сиздерден такталбаган маалыматты жайылтпоону чын дилден суранабыз. Анткени анын үй-бүлөсү учурда чоң жоготууга учурап турат. Коштошуу зыйнатына үй-бүлөсүнүн каалоосу боюнча жакындары гана катышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2017-жылы Ча Ин Ха тасмаларда жана сериалдарда экинчи пландагы каармандардын ролдорун аткарып баштаган. "Сүйүүнүн температурасы" («Температура любви»), "Сен дагы адамсыңбы?" («Ты тоже человек?»), "Кумардануу менен тазалоо" ("Уборка со страстью") жана башка дорамалар аркылуу таанылган.
27 жаштагы актёр өлөрдөн бир күн мурун Инстаграм баракчасына кафедеги сүрөтүн киргизип, көчөдө суук болуп жатканы үчүн баарына үшүп калбагыла деген каалоосун жазган.
25-ноябрда ырчы, актриса Гу Хара 28 жашында каза болгон. Ага чейин 14-октябрда ырчы, актриса Солли 25 жашында көз жумган. Аталган эки атактуу тең өмүрүн өздөрү кыйганы маалым болуп, күйөрмандары мындай оор кадамга баруусуна хейтерлер себеп деп жазып чыгышкан.