Кыздар сүйгөн косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор - стафилококк жана ичеги таякчалары бар. Косметика колдонгондор аны дайым бетине сүртүшөт. Астон университетинин медициналык кызматкерлери жүздөгөн косметиканы текшерген соң ушундай жыйынтыкка келген.
Медициналык кызматкерлердин айтымында, косметика колдонгондордун басымдуу бөлүгү макияж сүрткөн спонж, кисточкаларын жуубайт жана алардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине карабай колдонуп жүрө беришет. Косметика менен чогуу бетке, өзгөчө көздүн айланасы, ооз көңдөйүнө бактериялар толуп калат. Алар ар кандай ооруну козгоп, тери оорусунан тартып кандын бузулушуна жеткириши мүмкүн. Мындай учурда иммунитети төмөндөр көбүнчө жабыркайт. Окумуштуулар 5 декоративдик косметиканы: ооз боёгуч, эриндер үчүн жылтырак, көзгө чийүүчү карандаш, тушь, макияж сүртүү үчүн спонжду микроскопко салып, изилдеп көрүшкөн. Алардын арасынан бактерияны эң көп козгогон спонж болуп чыккан. Анда зыяндуу микробдор көп болуп, миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келген.