КВНчи Эльдияр Кененсаровдун кызы орусиялык балдар КВНине катышууда

"Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун кызы Эмилия Кененсарова да ата-энесинин жолун жолдоп келет. Бул ирет ал орусиялык "Балдар КВНи" телешоусуна катышып, кийинки турга өттү. Бул тууралуу Эмилиянын апасы Камила Абдил социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Менин сүйүктүү Эмилиямды жана анын "Классики" КВН командасынын бардык оюнчуларын "Балдар КВНи" телешоусунун кийинки баскычка өтүшү менен куттуктайм! Жаңы сезон кандай сонун башталды! Аябай сонун, позитивдүү эмоция үчүн рахмат! Алдыга классиктер!" - деп жазган Камила Абдил.

Белгилей кетсек, Балдар КВНи - бүткүл орусиялык балдар КВН лигасынын телевизиондук версиясы. 2017-жылдан тартып "Карусель" каналынан көрсөтүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jasi.jasi
2019-12-04 15:17:59
Элдиярдын аялы чыныгы сулуу айым да:)
0
Aziat25
2019-12-04 19:34:15
1-суротто болушунча чыгарыптырго.:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан