Кытайдын Гуанчжоу шаарында жолдо чоң чуңкур пайда болуп, 3 киши түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү Гуанчжоу шаарындагы көчөдө тереңдиги 38 метр болгон чуңкурга көчө тазалап жүргөн унаа жана велосипед түшүп кеткен. Калган жөө жүргүнчүлөр качууга үлгүрүшкөн. Жер астында болжол менен көчөнү тазалап жүргөн унаадагы атасы менен уулу жана аты-жөнү тактала элек велосипеддин айдоочусу болууда. Чуңкурга түшүп кеткендерди куткаруу үчүн миңден ашуун куткаруучу тартылган.
Чуңкурдун пайда болушуна жанында курулуп жаткан метро линиясы себеп болгону аныкталып, шаар жетекчилиги күнөөнү моюнуна алган. Куткаруу учурунда да чуңкур чоңоюп, издөөгө тоскоолдуктарды жараткан. Азырынча жабырлануучулардын абалы тууралуу так маалымат жок.