Казакстандын Алматы шаарында 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу казакстандык жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-декабрда жергиликтүү саат 01:38 чамасында катталган. Анын кесепетинен кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон жок. Кырсыктын очогу Алматыдан 303 чакырым алыстыкта болгон. Капал кыштагы кырсыктын очогуна жакын болгондуктан, ал жерде зилзаланын күчү 4 баллга жеткен. Ал эми Жансугуров кыштагы, Талдыкорган жана Текели шаарларында 3 баллга жеткен.