Пермь шаарынын жашоочусу көчөдөгү элге ок чыгарып, бир аял көз жумду

Пермь шаарынын жашоочусу жолдо өтүп бара жаткан элге ок чыгарып, андан бир аял каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-декабрь күнү эртең менен мас абалдагы жаран алгач батиринин терезесинен аңчылыкка арналган мылтыгы менен атып, андан соң көчөгө чыгып бир кишини жарадар кылып, бир аялды өлтүргөн. Кылмышка шектелип мурун соттолгон 50 жаштагы киши кармалган. Аны колго түшүрүү учурунда улуттук гвардиянын унаасынын айдоочусуна да ок чыгарган.

Кылмышка шектүүгө "бейбаштык менен өлтүрүү" жана "бейбаштык менен эки кишини өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эмнеге мындай кылмышка барганы азырынча аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан