Анжелина Жоли менен Бред Питтин кызы атын өзгөрттү. Эми ал эркектин ысымын алып жүрөт

Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Бред Питтин 13 жаштагы кызы Шайло ысымын өзгөрттү. Эми ал эркекке ыйгарылчу Жон деген ысымды алып жүрөт.

Чет элдик басылмалар Шайло жынысын алмаштырууга даяр экенин, бирок мындай операцияга жашы туура келбегендигин жазып чыгышкан. Ал эми Анжелина Жоли балдарынын жашоосуна аралашып, аларды бактысыз кылгысы келбей турганын бир нече жолу айткан. Мындан улам ал кызы Шайлонун кыздардын кийиминен баш тартуусун колдогон.

Бир жылдан бери Шайло гормоналдык дарыларды ичип, жынысын алмаштырууга даярданып жатканы тууралуу кептер тараган. Азырынча Анжелина Жоли, Бред Питт бул кептер тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан