Филиппинди кайрадан тайфун каптап, 17 адам каза болду

Филиппинде Тисой тайфунунун кесепетинен 17 адам каза болуп, жарым миллионго жакын адамдар өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, тайфун аралды кыйроого алып келген. Кырсыктын айынан шаардык аэропорт өз ишин токтоткон. Жарым миллионго жакын адамдар эвакуацияланып, 17 адам курман болгон. Мындан сырткары, күтүүсүз кырсык айыл чарба жумуштарына 15 миллион 700 миң доллар өлчөмүндө чыгым алып келгенин айтышууда. Тайфундун эң күчтүү соккусу Сорсогон провинциясында катталган. Азыркы убакта 3 көпүрө жана бир канча жолдор жабылган.

Тисой тайфуну Филиппинде 2019-жылда катталган 20-тайфун болуп калды.

Эске салсак, Филиппинде октябрдын аягында 2 жолу катуу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 5 киши каза болуп, 70тен ашык адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан