Абийир кечирбейт! Ууру 30 жылдан кийин замбиректи кайтарып берген

Англиянын Линкольншир графтыгынын Тилби айылында 30 жыл мурун XIX кылымга тиешелүү замбирек жоголгон. Замбиректи уурдаган адам абийири тынч койбогонун айтып, 30 жылдан кийин кайра ордуна алып келип койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, уурдаган белгисиз адам "30 жыл мурун уяттуу ишке аралашкам. Бул менин биринчи жана акыркы кылмышым" деп кагазга жазып, замбиректи ордуна калтырып кеткен.

Тилбиде мындай 2 замбирек бар болчу. Замбиректерди айылга Теннисон д'Эйнкур аттуу колунда бар үй-бүлө белек кылган. Алар берген акчага мектеп, чогулуш өтүүчү зал тургузуп, жанына замбиректерди коюшкан. Экинчи замбирек да уурдалып, аны табыша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2019-12-04 16:46:06
Ошон учун абийир сотунан эч качан качып кутула албайсын деп айтышатда
+5
zzz---zzz
2019-12-04 19:15:50
Ал да ошол уурунун достору болуп журбосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан