Ит микротолкундуу мешти күйгүзүп, үйдү өрттөп жиберген

Англиянын Станфорд-ле-Хоп шаарынын Эссекс графтыгында ит үйдү өрттөп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үйдө жалгыз хаски породасындагы ит калган. Кандайдыр бир жол менен ал ашканада турган микротолкундуу мешти күйгүзгөн. Мештин ичинде таттуу токочтор болгондуктан, ысып отуруп өрткө жеткирген. Үй ээси кырсык тууралуу уюлдук тиркемеге туташтырылган үйүндөгү видеобайкоодон көрүп, дароо өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Өз убагында келген куткаруучулар өрттү башка бөлмөгө жайылтпай өчүрүп, итти сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан