Таиланддын Чонбури шаарында уюлдук телефондо ойноп жаткан жаранды ток уруп, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2-декабрь күнү 28 жаштагы Киттисак Мункитти бөлмөсүнө кирип, смартфондон оюн ойноп жаткан. Апасы бир нече жолу үй иштерине жардамдашып кой деп чакырганда жооп берген эмес. Уктап калса керек деп көңүл бөлбөгөн апасы жумушка кетерде гана баласынын бөлмөсүнө кирет. Уктагандай абалда жаткан баласына кыйкырып, бир-эки жолу таякча менен түрткүлөгөн. Баласы тарабынан реакция болбогон соң апасы уулунун колундагы күйүктөрүн көрүп, дароо полиция кызматын чакырат. Чакырууга келген полиция кызматкерлери Киттисак Мункиттинин көз жумганын аныкташкан. Болжол менен баланы электр тогу уруп, каза болгону айтылууда. Ошентсе да сөөктү экспертизага жөнөтүшкөн.