Орусиянын ири банктарынын бири болгон "Сбербанктын" банкоматтарында өзбек жана тажик тилдеринде кызмат көрсөтүлө баштады. Эми банкоматтар 10 тилде кызмат көрсөтөт.
Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, азыркы тапта банкоматтардын 80 пайызына жогоруда айтылган эки тил кошулган. Жаңы кошулган тил акча алуу, балансты текшерүү, мобилдик байланыш үчүн каражат төлөө кызматтарын көрсөтөт. Банктын жетекчилиги кардарларынын көбү Өзбек жана Тажик жарандары болгондуктан, алардын кызыкчылыгын эске алып, ушул кадамга барышканын айткан. Мындан тышкары, банктын мобилдик тиркемесин колдонуунун жол-жоболору англис, өзбек жана тажик тилдерине которулган.
"Сбербанктын" расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, банктын Орусия аймагында жалпысынан 77 миң банкоматы бар. Ал эми насыялык уюмдарында 95 миллион 400 миң активдүү кардарлары бар.
Азырынча банкоматта кыргыз тилинде кызмат көрсөтү функциясы жок.