Жүрөгү сокпой калган. Испанияда жүрөгү 6 жарым саат токтоп калган айымды калыбына келтиришти

Испанияда Одри Мэш аттуу турист тоодогу борошодо калып, эс-учун жоготуп, дене табы 20 градуска түшүп, жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Одри Мэш жана жолдошу Рохан Шоеман чогуу жашаганына 6 жыл болгонун белгилеп Испанияга эс алууга барышкан. Тоого чыккан Одри катуу борошого кабылып, дене табы муздап, жүрөгү токтоп калган. Аны ооруканага алып келишкенде жолдошу жакшылыктан үмүтүн үзүп, жубайын өлдү деп ойлогон. Бирок дарыгерлер Одринин 6 жарым саатка токтоп калган жүрөгүн кайра калыбына келтиришкен. Себеби катуу сууктан улам аялдын жүрөгү токтоп, мээси жабыр тарткан эмес. 11 күндүк дарылоодон соң Одри аман-эсен үйүнө чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2019-12-06 12:44:41
Кудайдын кудуретти
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан