Бүгүн, 6-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья айыпталуучуларга акыркы сөз берди. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө аны менен бир кылмышка шектелип камалгандардын айрымдары менен тергөөдө гана таанышканын белгиледи.
"Алгач бизди камакка алганда, элге модернизацияланган жаңы ЖЭБде авария болду деп, туура эмес маалымат таратышкан. Убакыттын өтүшү менен авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун коомчулук биле баштады. Эми бизге авария боюнча эмес, укуктук-нормативдик актылар, мыйзамдарды, регламентти бузган деп айып коюп жатышат. Мамлекетте мындай жагдай улана берсе, жакында эч ким иш-кагаздарга кол койбой калат. Азыр эле мамлекеттик кызматтагылар документтер менен иштөөдө корко баштады. ЖЭБ боюнча коррупция болду деп алаксып жатканда, өлкөнүн түндүгүндө электр энергия боюнча көйгөй башталышы мүмкүн. Анткени быйыл суунун көлөмү аз сезон.
Бүгүнкү күндө депутаттардын көбү эки жүздүүлүгүн көрсөттү. Ал эми азыркы бийлик, тилекке каршы, ошондойлорду жактырат экен. Мени өкмөт башчылык кызматтан ишенимсиздик квотасы менен кетиришти. Андан соң тез аранын ичинде УКМКнын камагына отурушум, Райым Матраимовду кетирген үчүн өлкө башчынын өч алуусу деп кабыл алдым. Мен кыргызстандыктардын көзү ачылып жатканына кубанычтамын, анткени буга чейин мага эч ким ишенген эмес. Болбосо кантип эле СИЗОдо эч кандай факты жок 10 ай кармашты. Бул саясий репрессия" - деди Исаков.