Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү журүүдө. Отурумда "Улуттук энергетикалык холдингтин" мурдагы башчысы Айбек Калиев мамлекетке чыгым келтирилген деген 111 миллион доллар тууралуу айтып берди.
"Ал чыгым соттук-экономикалык экспертизанын негизинде аныкталган. Модернизациялоонун физикалык иштери 2015-жылы башталган. Бул жагдайды отурумга келген эксперттер дагы тастыктады. Бирок ЖЭБ бюонча жасалган соттук-экономикалык экспертизанын эсеби 2013-жылдын баалары менен эсептелген. Мамлекеттик айыптоочулар бул нерсеге көңүл бурган жок. ЖЭБ ири долбоор болгондуктан, 2 жыл ичиндеги баалар бир топ айырманы түзүп жатпайбы. Бул фактор каражаттардын туура эмес эсептелишине алып келди. Ошол эле маалда TBEA компаниясы жүргүзгөн иш толугу менен көрсөтүлгөн эмес. Анткени эксперттер өз көрсөтмөсүндө физикалык жактан аткарылган иштердин баары кирген эмес деп так айтышкан.Ошондой эле экспертиза жүргүзүүдө 2013-жыл менен 2015-жылдагы АКШ долларынын курсунун айырмачылыгы эске алынган эмес", - деди ал.