УКМК: "Коррупция фактысы боюнча экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды"

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалган.

"2018-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Эске салсак, ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар жашоочулары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин SUPER.KG порталына ЖЭБди модернизациялоо боюнча кеңири маек берген. Аны төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
maks992
2018-06-18 23:26:57
коррупция боюнча текшерүүнү Бишкектен башка шаар райондоргода жасаш керек эгер ушундай болсо канчалаган иштер ачылып өнүктүрүү болот эле
+6
Azat.97
2018-06-18 23:30:08
Сатыбалдиев туура кармалды.ЖЭБ дин башы ушуга барып такалат
+13
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 23:33:25
Кудай булардын кылыктарын чыгарып койду! ЖЭБде авария болбосо булар унчукпай эми каерден акча жейбиз деп жүрө беришет экен эле!
+13
Bodibilding
2018-06-18 23:36:44
Камабай мулкун мамлекетке откозуш керек эки есе кылып толоп беришсин ушул убака чейин жыргап жашашты Эми карапайым элге окшоп байлыгы жок жашап корушсун биз ошону талап кылабыз.
+14
Jasa
2018-06-19 00:11:47
Жапаровду актай албаса бир тыйын,буларды кармап соту болгуча президенттин да срогу бутот
+5
Muslim_KGstana.
2018-06-19 00:40:07
Ушуларга иш козгогон УКМК ХХХХХХХ иш козгош керек,буга чейин ХХХХХХХХ отуруштуву АШАнын убагында
+8
admin_superstan
2018-06-19 09:50:54
Muslim_KGstana., этика нормаларын сактаңыз!
0
Dembele84
2018-06-19 03:40:13
Бишкектин мэри,Райым миллион,Оторбаев,Сариев анан жаны закон менен Атамбаевти камап жана интерпол аркылуу издетип,Ош тополонуна туздон туз себепкерлер И.Абдрасулов менен К.Батыровдорду алып келип омур бою камаса ото сонун иш болмок.
+4
jbolotov
2018-06-19 07:11:21
Туура кылышыптыр, коррупцияга шериктеш деген женил статьялар коюлуптурда бирок.Мистер 10% дешет экен бул кишини. Чыккынчылык, госизмена менен камаш керек мындай жемкорлорду.
+1
Rifle_I
2018-06-19 07:48:35
Камап эле тынчып калбай, жегенин кустуруш керек. Канчалаган жолдор курулуп жатат, бир жылга жетпей бузулгандары канча. Ошолорду да текшерип чыгып , камай турганын камасын
+1
suyor
2018-06-19 08:13:30
Дуйнодо бир эле адам камакта калат танда дегенде ушул жердишимди айтат элем, башка адам мынчалык жегенде олуп калат эле, бул которо берет экен
+2
Nevestkaa
2018-06-19 08:23:52
Исаков,Кулматов,Артыкбаевтер азыр камактабы?
+1
Mustafo
2018-06-19 09:24:03
Кудай бар мына эми Кыргызстан оңолот. Бийлике Кудайдан корккон адам келди. Кишинин акысын жебеген. Киттер кармала баштады. Урматтуу Сооронбай Шарипович толотунчу карыздарды ушуларга сураныч.
0
Chagylgan1
2018-06-19 12:29:51
Mustafo, сенин Кудайдан корккон кишин Кытайга жер сатып отурат. Алтын казуу7а каршы чыккан тынч элди камап отурат...

Ак жеринен камалган Садыр Жапаровду атайы бошоттурбай отурат...
+1
tnz
2018-06-19 09:55:36
Буларды ччекеден камап эле мулкун мамлекетке откоро бериш керек ошондо Кытайдан алган карызга жетип калат толоп коюушат оздорун кеминде 10 жылдан берсе чыгып пенсиясын эл катары алып жашай берет мамлекетти тоногон ууру катары.
+1
Chagylgan1
2018-06-19 12:30:39
Декларациясын карасан олумуш болуп чыга келишет...

Эй Жанторо, тиги 6 миллиардды кайла каттын?!!
+1
Spartak16
2018-06-19 19:09:32
Кыргыздын 4 миллиард карызынын 1 миллиарды ушунун чөнтөгүндө. Коррупциянын анык акуласы ушул
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан