Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда парламентте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.
"Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбүдөн бери дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. Кечээ, 18-сентябрда ал Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Алардан Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кабар алып турат. Кээде өзүм да кирип турам", - деди Кадыркулов.
Буга чейин УКМК абакта жаткан Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруудан баш тарткан.
Акыйкатчы институту да анын ден соолугуна тынчсызданып, дарыгерлердин кароосунан өтүүсү керектигин эскертип келген.
Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. 8-августта камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узарткан.