Казакстан баш калкалоо сураган этникалык эки казак качкынды Кытайга өткөрүп берет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Чек ара комитетинин директору Дархан Дилмановдун айтымында, Кытайдан Казакстандын чек арасын мыйзамсыз өтүп, баш калкалоо сураган этникалык казактар Кастер Мусаханулу менен Мурагер Алимулунун өлкөдө кала алышпайт. Эки жаран учурда Казакстанда СИЗОдо кармалып, декабрда соту болот.
Чек ара кызматынын айтымында, ушундай таризде Кытайдан Казакстанга өтүп, баш калкалоо сураган жарандар Кытайга өткөрүлүп берилерин билдирген.
Баш калкалоо сураган этникалык казактар Кытайдагы Синцзян тарбиялоо лагеринде 4 жыл 8 ай кармалып, ур-токмокко кабылгандыктан мындай жолго барганын билдиришкен.
Мындай окуя Казакстанда биринчи жолу эмес. 2018-жылы жазында Кытай жараны Сайрагүл Сауытбай мыйзамды бузуп, Кытайдан Казакстанга үй-бүлөсүнө келген. Казакстан Сауытбайга саясий баш калкалоо берген эмес, Сауытбай үй-бүлөсү менен Швецияга кетип калышкан.