Атың чыкпаса жер өрттө! Жаңылыкка чыгуу үчүн баланы 10-кабаттан ыргытып жиберген

Британиялык өспүрүм Жонти Брейвери жаңылыктардан чыккысы келип, 6 жаштагы баланы 10-кабаттан түшүрүп жиберген. Бала 5-кабатка түшүп, оор жаракат алган. Бул тууралуу BBC маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөсү менен Франциядан Лондонго экскурсияга келген 6 жаштагы баланы Тейт Модерн галереясынын 10-кабатынан түшүрүп жиберген. Кылмышка шектүүнү полиция келгенге чейин музейдеги күбөлөр кармап калышкан. Август айында Жони адам өмүрүнө кол салууга аракет жасаганын моюнуна алган. Сотто ал телевидениедеги жаңылыктарга чыгуу үчүн өлтүрүүнү пландап жүргөнүн жана жабырлануучуну кокустан тандап калганын айткан. Кылмышты анын психикалык жактан жабыркаганын жокко чыгарган акмактарга далилдөө үчүн жасаганын кошумчалаган. Сурак учурунда өспүрүм "бул окуяны телевидениеден көрсөтүшөбү?" деп бир нече жолу полиция кызматкерлеринен сураган. "Жаңылыктардан менин ким экенимди жана эмне кылганымды баары билсин. Расмий түрдө баары мен тууралуу билип, башка эч нерсе дешпесин", - деген ал. Кылмыш кылган учурда ал 17 жашта болгондуктан, бир жылдан кийин 18 жашка чыкканда гана аты аталган. Жонти аутизм менен жабыркары аныкталып, октябрь айынан бери Бродмур психиатриялык ооруканасында кармалып келет.

Ал эми жабырлануучунун ата-энеси уулу дагы деле толук жакшы боло албай жатканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2019-12-07 11:00:38
Отунбаевага кошулуп искусство коргозсон деле телевизордон корсотмок
+12
zzz---zzz
2019-12-07 11:26:51
Өзүн да 10 кабаттан таштап көрүш керек экен, аты чыккысы келсе ошондо телевидениеден көрсөтөт
+12
Aselya_9105
2019-12-09 10:14:28
"ХайП" деген неме эпидемия болду го. Баары эле жанылыкка чыккысы келип....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан