"Форбс" журналы эң бай жылдыздарды аныктады. Тизменин сап башында Тейлор Свифт турат

Америкалык "Форбс" журналы 2019-жылдын эсебинен эң көп киреше тапкан жылдыздардын рейтингин түздү. Тизменин сап башында ырчы Тейлор Свифт болду. Ал үн жаздыруучу лейбл, жарнамалык компаниялар менен түзгөн келишими, гастролдук турлардан 185 миллион доллар тапкан. 2-орунда Канье Уэст (150 миллион доллар) турат. Америкалык ырчыга чыгармачылыктан тышкары "Адидас" компаниясы менен биргеликте чыгарган кроссовкинин сатыгынан көп киреше түшөрү маалым. Ошондой эле музыкант Эд Ширан гастролдук турдан тапкан 110 миллион доллар кирешеси менен 3-орунду ээледи. Мындан сырткары, ондукка Элтон Жон (84 миллион доллар), Jay-Z (81 миллион доллар), Бейонсе (81 миллион доллар) жана башка атактуулар илинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан