Эң жаш өкмөт башчы. Финляндиянын жаңы премьер-министри болуп Санна Марин дайындалды

Финляндиянын жаңы премьер-министри болуп Санна Марин дайындалды. Санна Марин Финляндияда эң жаш өкмөт башчы катары тарых барактарын жаңылады. Ал 34 жашында бул кызматка дайындалып, эң жаш өкмөт башчы болуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, Санна Марин буга чейин Транспорт жана коммуникация министри кызматын аркалаган. Ал Кеңеш отурумунда Социал-демократиялык партиясынан тандалып алынган. Ага 32 добуш, ал эми анын негизги атаандашы болгон Антти Линдтманага 29 добуш беришкен. Санна Мариндин административдик изилдөө жаатында магистр даражасы бар.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Антти Ринне 3-декабрда отставкага кеткен. Ал узак убакытка созулган почта кызматкерлеринин иш таштоосунан кийин кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mirlan27011987
2019-12-09 11:07:53
Эн жакшы. Ушулардын жашоо турмушуна жетсек кана. Бизде Сооронбайга окшоп калп эле Эл көзүнө элдик көрүнмөй, бирок жең ичинен жеп-ичкен чиновниктер экен да.
0
chake
2019-12-09 12:14:12
Mirlan27011987,ар бир макалага президентти жамандап кайсы уурунун тууганы болосун 630 долларга кычкач алган Сапар жаш болсо да элди миллион доллар карызга батырып кетти
+1
kanayym.92
2019-12-09 12:21:33
Mirlan27011987,озунор эмне кызмат кылдынар олко учун?
+2
hansel
2019-12-09 12:35:49
Mirlan27011987, Атамбаев эмне кылып журду, мындай жашоону Атамбаев деле тузуп берсе болмок, озунун чонтогунун гана камын ойлобой.
0
bond02
2019-12-09 11:49:58
Бизде эн жаш окмот башчы камалды, мына жанылык.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан