8-декабрь күнү АКШнын Жоржия штатында "Аалам сулуусу-2019" сынагы өтүп, анда Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Зозибини Тунци жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сынакка дүйнө жүзүнөн 90 чакты сулуу катышкан. Арасынан суурулуп, 26 жаштагы Зозибини Тунци "Аалам сулуусу" деп табылды. 2-орунду 24 жаштагы пуэрто-рикалык Мэдисон Андерсон, 3-орунду 25 жаштагы мексикалык София Арагон ээледи.
Буга чейин Зозибини Тунци гендердик зомбулукка каршы активдүү иштеп келген. "Аалам сулуусу" титулунан тышкары, ал ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыкка жана бир жылдык келишимге ээ болду. Келишимге ылайык, 1 жыл бою стилисттин кызматы, ошондой эле гардероб менен бекер камсыз болот. Ошондой эле ал стипендиясы бар беделдүү актёрдук мектепте окуу, Нью-Йорктогу апартаментте бекер жашоо артыкчылыгына ээ болду.