Көпчүлүккө "Жуси Ворлд" каймана аты менен таанылган америкалык рэпер, аткаруучу Жарред Хиггинс 21 жашында каза болду. Окуянын күбөлөрү рэп аткаруучунун оозунан кан чыкканын айтышкан.
Батыш маалымат булактарынын жазганына караганда, окуя 8-декабрда Чикагодогу аэропортто орун алган. Жуси Ворлддун Лос-Анжелестен Чикаго учуп келери менен абалы начарлап, оозунан кан кеткен. Рэпер ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. Азырынча Жуси Ворлддун өлүмүнүн себеби тактала элек.
Жуси Ворлд 2018-жылы дебюттук альбомун чыгарган. Анын алгачкы эмгеги дароо эле АКШдагы хит-параддан 4-орунду ээлеген. Андан кийинки альбому дагы дүйнөлүк чарттарда алдыңкы орундарды багындырган. Рэпер жакында эле Billboard сыйлыгынын "эң мыкты жаңы артист" наамын алган.