K-pop толкуну Орусияга жетти! Продюсер Максим Фадеев корей стилинде бойз-бэнд ачты

Орусиялык белгилүү продюсер Максим Фадеев жакында k-pop стилинде жаңы бойз-бэнд топ ачканын маалымдады.

Маалыматка ылайык, 5 жигиттен куралган топ "INKI" деп аталат. "INKI" - k-pop топ тренддеринин таасиринен жаралган жаңы форматтагы бийге багытталган бойз-бэнд. Алар бирөөгө көз каранды эмес жана аларды байкабай коюу мүмкүн эмес", - деп жазган продюсер интернеттеги өздүк баракчасына. Топ 7-декабрда коомчулукка алгачкы клибин тартуулады. Бул жаңылыкка айрымдар "акыры Орусияга k-pop келди" деп кубанышса, айрымдары "азиялыктарды туурап чыгарганы ийгилик алып келбейт" деп сындоодо.

Фадеевдин жаны k-pop стилиндеги бойз-бенди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан