Сауд Арабиядагы тамактануучу жайларда аялдар менен эркектер бир эшиктен кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтар боюнча, мурда коомдук тамактануучу жайларга аялдар жана алардын үй-бүлөсү бир эшиктен, ал эми алардын жакындары болбогон эркектер башка эшиктен киргени айтылган.
"Мындан кийин тамактануучу жайларга эркектер жана аялдар бир эле эшиктен кирмей болушту. Бирок аялдар отурган столдор менен эркектердин столдорунун ортосунда мурункудай эле тосмо калат. Ал эми башка коомдук жайларда, мектеп, ооруканаларда эрежелер өзгөрүүсүз калары белгилүү болду. Сауд Арабиянын Муниципалитет министрлиги билдиргендей, акыркы кезде көпчүлүк тамактануучу жайлар диний эрежелерди сактабай, бардык кардарларга бир эшик ачып коюшкан. Ошол эле маалда эски тартипти сактагысы келген кафе, ресторандар мурунку эрежени сактаса болот деп айтылган", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, акыркы кезде Сауд Арабиядагы аялдар көп укуктарга ээ боло башташты. Алсак, алар 21 жашында өз алдынча паспорт алып, саякатка чыкса болот. Мындан тышкары, аялдар айдоочулук күбөлүк алып, футболдук оюндарга барууга уруксат алышкан.
Бирок аялдардын банктык эсеп ачып, өзүнчө жашоосуна тыюу салынып келет.