Америкалык миллиардер, ойлоп табуучу Илон Маск жаңы унаасы Cybertruck менен Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Cybertruck - бул Масктын кезектеги ойлоп тапкан жаңылыгы. "Tesla" компаниясы муну келечектин пикап унаасы деп атайт. Масктын айтымында, келечекте пикаптын баары бирдей окшоштукта болот.
Маск Лос-Анжелес көчөлөрүнө бул унаасы менен ресторандардын бирине барган. Ресторанга келгендер Cybertruck унаасынын жанынан чыкпай, кечке сүрөткө түшүшкөн.