Аляскада үйүндө жарыгы өчүп калган 5 жаштагы бала бөбөгүн көтөрүп, жеңил кийимчен кошуна айылга барган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алясканын Юкон түздүктөрүндө 5 жаштагы бала жеңил кийимчен 1 жарым жашар бөбөгүн көтөрүп алып, 1 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылга -35° градус суукта жол тарткан. Буга анын үйүндө жарыктын өчкөнү себеп болгон. Үйдө иниси менен кароосуз калган бала жарыктын өчкөнүнөн коркуп, суукка карабай кошуна айылга бет алган. Эки баланы кошуна айылдын тургуну көрүп, полиция кызматкерин чакырган. Полиция участогу жайгашкан Фэрбанкс шаарынан балдар жайгашкан Венити айылына баруу үчүн полиция кызматкерлери атайын учак жалдашкан. "Ал жакка баруу үчүн 12-16 саат кетти. Бактыга жараша, жергиликтүү жашоочу балдарды көзөмөлүнө алгандыктан, алардын абалы биз күткөндөй туруктуу болду", - дейт полиция кызматкери Кен Марш. Алясканын суугунда жеңил кийинип, кошуна айылга барган балдарды үшүк алганы маалымдалды.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, 37 жаштагы Жули Питер жашы жете элек балдарды кароосуз калтырганы үчүн камакка алынган. Анын балдарга туугандык жайы барбы-жокпу айтылган жок.