Жашоо шарты эң мыкты өлкөлөрдүн аты аталды

Бириккен улуттар уюмунун жашоо шарты эң жакшы өлкөлөрдүн рейтинги боюнча жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ага ылайык, бул тизмеге жалпы 189 мамлекет кирген. Өлкөлөр эркиндик, коопсуздук, билим деңгээли, ден соолук жана экономикалык өнүгүү талаптары боюнча тандалып алынган.

БУУнун докладында жашоо шартынын өсүш тенденциясы дагы белгиленген. Адам потенциалынын көрсөткүчү жогорку өлкөлөрдүн тобуна 62 мамлекет кирген. Жашоо шарты эң жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн сап башында Норвегия турса, экинчиликтен Швейцария орун алган, ал эми үчүнчү орунду Ирландия камсыздаган.

4-орунду Германия жана Гонконг бөлүшүп алды. Мындан тышкары, ТОП-10го Австралия, Исландия, Швеция, Сингапур жана Нидерланды кирген. Орусия 49-орунда болсо, Украина 88-орунда жайгашкан. Акыркы орундарда аскердик келишпестиктер жүрүп жаткан Сирия (154-орун), Йемен (177-орун) турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uz.nookat
2019-12-11 08:17:13
Бизчи?
+6
katerina.li
2019-12-11 08:36:55
uz.nookat,сиз эээн арттан экинчи
+4
Syimyk.isaev
2019-12-11 09:40:54
176 окшойт Кыргызстан.
+3
bazar
2019-12-11 14:03:37
Syimyk.isaev,
-1
Alia82
2019-12-11 10:04:23
Финландия жокко
+2
bond02
2019-12-11 11:18:12
Туулган жердин топурагы алтын.
0
Samatalibei
2019-12-11 22:36:37
Биздин олко адашып аталып калбадыбекен деп кайра кайра окудум элее..(
+2
azamat85
2019-12-12 07:50:44
Гонконгто адамдар кандай жашаганын коргон эмеско БУУ, жалпы алып караганда гонгонг эн жаман шартта жашашат элдер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан