Жергиликтүү тургундарынан да туристтери көп болгон шаарлардын рейтинги жарыяланды. Рейтингдин сап башын АКШнын бир катар шаарлары ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, биринчи орунда Майами турат, анда 100 тургунга 1 641 турист туура келет. Экинчи орунду 100 тургунга 993 туристи менен АКШнын Лас-Вегас шаары ээледи. Ал эми үчүнчү орунда Дубай турат. Анда 100 тургунга 588 турист туура келген.
Рейтингге 16 шаар кирген. Толук тизме төмөндөгүдөй:
1. Майами (АКШ) - 100 тургунга 1 641 турист;
2. Лас-Вегас (АКШ) - 993 турист;
3. Дубай (БАЭ) - 588 турист;
4. Эдинбург (Шотландия) - 445 турист;
5. Дублин (Ирландия) - 427 турист;
6. Гонконг - 398 турист;
7. Сан-Франциско (АКШ) - 392 турист;
8. Вена (Австрия) - 329 турист;
9. Сингапур - 316 турист;
10. Вашингтон (АКШ) - 286 турист;
11. Мюнхен (Германия) - 265 турист;
12. Бостон (АКШ) - 238 турист;
13. Бангкок (Таиланд) - 229 турист;
14. Лондон (Улуу Британия) - 226 турист;
15. Порту (Португалия) - 183 турист;
16. Лос-Анжелес (АКШ) - 179 турист.