Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында мышык 20 мүнөт кир жуугуч машинада айланып, аман калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пози аттуу мышык кир жуугуч машинада турган кийимдин арасына кирип алган. Үй ээси Кортни Драри аны байкабай, кир жуугуч машинаны иштетип салган. Кортни мышыктын мыёологон үнүн угуп, бирок кайдан чыгып жатканын түшүнбөй койгон. 20 мүнөттөн соң ал мышыгы кир жуугуч машинада калганын билип, машинаны ачканда Пози жансыз абалда болгон. Дароо эле анын жүрөк-өпкөсүнө массаж жасап, мышык мыёолоп баштаганда мал доктуруна жеткирген. Мал доктурунун айтымында, Кортни убагында Позиге массаж жасап, жаныбарынын өмүрүн сактап калган. Кырсыктан кийин үй ээси кир жуугуч машинанын эшигине "иштетер алдында мышык жоктугун сөзсүз текшерүү керек" деген эскертме кат жазып койгон. "Учурда мышык акырындап калыбына келүүдө" деп жазылат маалыматта.