Африкада кургакчылык. Виктория шаркыратмасында суу дээрлик жок калды

Түштүк Африкадагы атактуу Виктория шаркыратмасында суу дээрлик жок калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Африкада мындай кургакчылык 25 жылдан бери боло элек. Замбези дарыясында суу азайгандыктан, Виктория шаркыратмасында суу дээрлик калбай калды.

"Ушул мезгилде жыл сайын эле шаркыратманын суусу азаят. Бирок бул жылы суу абдан эле аз. Туристтердин саны да азаят", - деп айтышат жергиликтүү калк.

Кургакчылыктын айынан 45 миллион эл ачкачылыкта калуу коркунучунда. Ошондой эле суунун жоктугунан Замбия жана Зимбабведе электр энергиясы өчүрүүлүдө. ГЭС Замбези дарыясында курулган.

Экологдор бул жагдайды климаттын өзгөрүлүп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JaneEr
2019-12-10 21:45:05
Глобальное потепление.Бизде деле кыш ысык болуп жатат.
+1
souza.j
2019-12-10 22:23:35
Атан келечек муундарыбыз кантээр экен.
+8
Melis2014
2019-12-11 02:10:20
Гипетенуза катет болуптурда
-5
Dany
2019-12-11 02:41:04
Жок калды дегени эмнеси? Дээрлик калбай калды же калган жок десенер. А то жок калды деп жазыпсынар, тушунуксуз
-3
Jelezo
2019-12-11 05:48:11
Азыр Сибирде - 3 болуп жатат жылда 30, 35 град. суук болучу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан