Интернетте Орусиянын президенти Владимир Путин дааратканага 6 жан сакчысынын коштоосунда кирип чыкты деген видео тарады. Видеону BBC'инин корреспонденти Жона Фишер таратып, "Париждеги Елисей ак сарайында Путин дааратканага 6 жан сакчысынын коштоосунда кирип чыкты", - деп өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыккан.
"Биринчи бөлмөдөн бир канча эркек чыкты, андан кийин орусиялык лидер, андан соң дагы бир канча эркек кишилер чыкты", - деп жазган корреспондент.
Ошондой эле бул тасма талкууга алынганын чет элдик басылмалар да жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, окуя 9-декабрда Парижде өткөн "Норманд төрттүгү" форматындагы саммитинде болгон.