Чехиянын борбору Прагада ачык асман алдында жайгашкан орто кылымга таандык музей күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, ал музей Прагадагы Ржепор районунда жайгашкан. Кырсык болгон жерге биринчилерден болуп полиция кызматкерлери жетип барган. Кийин өрт өчүргүчтөр жана ыктыярчылар кошулуп, биргеликте тилсиз жоого каршы күрөшкөн. Кырсык 3 миллион крон (9 миллион сомдун тегерегинде) өлчөмүндө чыгым алып келген.
Ачык асман алдындагы музей XIV кылымдагы адамдардын жашоосун чагылдырат. Ал жакта дан сактоочу жай, таверна (Италияда жана башка кээ бир өлкөлөрдө анчалык чоң эмес дүкөн) темир устачылык үйү жана чиркөө жайгашкан. Музей 2017-жылдан бери каалоочулар үчүн эшигин жапкан. Бирок ал кээ бир учурларда тарыхый тасмалар үчүн кинематографистер колдонуп келишкен.
Буга чейин дагы ал жерде эки жолу өрт чыккандыгы айтылган маалыматта.