Индиянын Биджнор шаарында кыз макулдашкан жигитин күтпөй башкага турмушка чыгып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки жаш 1 жарым ай мурун Нангалят айылында тойдун бейрасмий бөлүгүн өткөрүшкөн. Ошондон бери кыз үйүндө калып, эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турган. Кудалардын пикири көп жактан келишпей, чырдаша да кетишкен. Чырдын бир себеби күйөө баланын туугандарынын кыз тараптан сеп, акча, велосипед сураганы болгон. Кыз тарап макул болбой, баланын туугандарын сабап да салган. Жакшылык менен чечише албаган эки тарап тең полицияга кайрылып, бирок кайра жарашып алышкан.
Расмий той күнү күйөө бала белгиленген убакыттан кечигип келип, кыз тараптын кыжырын кайнаткан. Жыйынтыгында кыз тойду токтотуп, башка мырзага турмушка чыгып кеткен.