Акыркы кезде өспүрүм балдар алардын жакындары үчүн видео оюндар коркунуч жаратып баштады. Жакында таиланддык жаран баласынын компьютердин оюнун токтотом деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Таиланддын Сураттхани шаарында 17 жаштагы Панварат 51 жаштагы атасы - полициянын сержанты Анувата Чойбэнгдьюну бычактап салган. Панварат компьютерде онлайн оюн ойноп жаткан учурда атасы токтотууну суранат, ошол кезде уулу атасынын артына бычак сайган. Кылмыш болгон жерге полиция кызматкерлери келгенде кесиптеши ашканада канга боёлуп жаткан болот. Ашканадагы кафелде кандын изи болгондуктан, кылмыш короодо орун алып, сержант ашканага сойлоп келген болушу мүмкүн деген версиялар каралууда. Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкени менен көп өтпөй Анувата көз жумган. Ал эми уулун жакын арадагы интернет-кафеден досу менен видео оюн ойноп жаткан жеринен кармашкан. Үй-бүлө мүчөлөрү Панварат түнү менен компьютердик оюн ойноп, күндүз уктаарын жана ошонун айынан мектептен да айдалып кеткенин билдиришкен. Маркумдун карындашы агасына баласынын компьютердик оюндан башы чыкпай калганы жакпай, көп жолу жаман адатынан арылтканга аракет кылганын айткан.
Полициянын берген маалыматына караганда, атасынын өлүмүнө шектелип кармалган Панварат суроолорго жооп бербей, иликтөөчүлөр менен иштешүүдөн баш тартып келет.