Улуу Британиянын Уэльске бара жаткан жолунда жергиликтүү тургундар тарабынан жүздөгөн ички органдары сыртка карай оодарылып өлгөн чымчыктар табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ханна Стивенс аттуу тургун ооруканага баратып асманда айланып учуп жаткан 300 чакты чыйырчыкты көргөн. Аларга аябай суктанып, 150гө чейин санап да көргөн. Кийинчерээк үйүнө кайтканда чымчыктардын баары жолдо өлүп жатканын көргөн.
Полициянын берген маалыматында тосмолордун үстүндө, жолдо, жол четинде өлүп жаткан 200гө жакын чымчыктарды табышкан. "Биз бул нерсе кантип болгонун билбейбиз. Жолдо 225 андан сырткары жол четинде, тосмолордо да көп өлүк чыйырчыктар жатат. Бирок талаа тарапта бир да чыйырчык көрүнбөйт. Аябай таң калычтуу", - деп билдирген полициянын комиссары. Учурда окумуштуулар чымчыктардын сырдуу өлүмүнүн себебин аныктоодо.